www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Кыш болбойт” деген белгилүү мемдин себепчиси Арстан Алайга (Абдылдаев)  карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу NazarNews.kgге Бишкек ШИИБинен билдиришти.

 Экспертиза Арстан Алайга карата кылмыш ишин 4 ай бою иликтеген. Анын натыйжасында “Мен кудаймын” деп айткандарынан эч кандай расалык, этникалык, улут аралык, диний кастыкты козутуунун белгилерин тапкан жоктугуна байланыштуу кылмыш курамы аныкталбагандыктан кылмыш иши токтотулду.

Эске сала кетсек, буга чейин Арстан Алай “Кудай деп дайындалганын 2020-жылы ааламдын президенти” болорун жарыялаган эле. Анын тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдон “бийликти тынч жол менен Арстан Алайга өткөрүп берүүнү” да талап кылышкан болчу.

арстан алай зима не будет сурамы боюнча табылган сүрөттөр

арстан алай зима не будет сурамы боюнча табылган сүрөттөр

16-октябрда Жогорку Кеңеште «Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Улукбек Ормонов Арстан Алай өзүн “жаңы Кудаймын” деп айткан сөзүнө карата тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости