www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз өлкөсүндө жасаган кылмышы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалган. Бул тууралуу NazarNews.kgге ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандардын бири 9 жылдан бери изделип жаткан Кыргызстандын 1972-жылы туулган А.Ч. аттуу жараны экендиги такталды. Ал Кылмыш-жаза кодексинин (эки кодекс) 171-беренесинде (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгиси боюнча из жашырып жүргөн.

А.Ч. аттуу аял Бишкек шаарындагы дарыканалардын биринде жетекчи болуп иштеп жүргөндө, 2008-2009-жылдар аралыгында 3 млн 490 миң сомдук товардык-материалдык каражаттар жетпей калган.

Ошондой эле Россиянын аймагында жашырынып жүргөн дагы бир шектүү кармалып, ал Баткен облусунун 1997-жылы туулган С.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталды. Ал Кадамжай РИИБдин тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин 266-беренесинде (бейбаштык) көрсөтүлгөн кылмыш белгиси боюнча изделип жаткан. 2019-жылдын апрель айында ал айылдашын сабап, денесине жаракат келтирген. 

Учурда кармалган жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын ИИМден кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости