www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 92 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 4-мартта жарыялады.

Анын берген маалымдамасына караганда, каза болгондордун арасында Ирандын көсөмү Аятолла аль-Хаменейдин кеңешчиси да бар.

Иран коронавирустан өлгөн адамдардын саны жагынан Кытайдан кийинки орунда. Бирок, бул илдетти өлкөдө жуктургандардын саны расмий айтылып жаткандан алда канча көп экендигин мурдагы министр, кардиохирург Масуд Пезешкян "сандар чыныгы маалымат эмес, анткени оорулуулардын көпчүлүгү тесттен өтө алышпайт" деп жарыялады.

Кытайдын Ухань шаарынан тараган бул туумоо 3 ай аралыгында эле 70ке чукул өлкөгө тарап кетти.

Ал эми Кытайдын өзүндө илдеттен 3012 адам көз жумса, ооруну жуктургандардын саны 80 миңге чукулдады.
 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости