www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери Кубанычбек Исабеков NazarNews маалымат агенттигине 2-мартта болуп өткөн митинг тууралуу пикирин билдирди.

"Саламатсыздарбы урматтуу мекендештерим!

Өзүм Германияда дарыланууда болсом дагы 2-марттагы Бишкектеги борбордук аянттагы митинг боюнча оюмду билдирүүнү туура таптым. Бул биринчи же акыркы митинг эмес экени баарыбызга белгилүү. Ошончо келген элдин конституциялык укугу бар: өз оюн билдиргенге, үгүттөгөнгө, чогулуш, митингдерге катышууга  жана мыйзам чегинде талап койгонго. Алардын көпчүлүгү бийликке коңгуроосу, арыз-муңу, үнү жетпегендиктен убактысын, каражатын коротуп келишкен. Койгон маселелерин (экономикалык, укуктук социалдык) интернеттен окудум жана туура деп эсептеймин. Бүгүнкү күндүн маанилүү суроолору экен. Президент Сооронбай Жээнбековго дагы талаптарын жазуу жүзүндө беришкен экен, тиешелүү органдарга ак үйдөн жөнөтүлүптүр. Мыйзам чегинде каралып, кылдат чечилиши керек. Митингге айласыздан, жаны ачыганынан келет эмеспи. Бийлик бутактары ушуга  жеткирбей иштеши, чара көрүшү керек. Ошол элдин эсебинен, салыгынан айлык алып, машине минип, жакшы кабинеттерде отуруп, үй-бүлөөсүн багып жүргөндөн кийин элине иштеп, бийлик  отчетун берип турушу керек.

Бирок, аяк жагында митинг мөөнөтүнөн ашып, уюштуруучуларды укпай, аркандай башаламандыкка кеткени туура эмес болуп калыптыр. Арасында кээ бир чагымчылдар бар экени көрүнүп турат. 

Ак үйдөн чыгып үйүнө бараткандарды жакалап, жулкулдатышканы жат көрүнүш. Алардын ичинен Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкери Тюрер  айымдын жапа чеккенин көрүп жаным кейиди. Бир нече машина бүлдүрүлүптүр, таш ыргытылып, "водомёт", "шум" чыгаруучу гранаталар колдонулуптур.  Бул өткөн митингден эч ким уткан, же жеңген жок. Эки жак тең утулду жана сабак алышы керек.

Жакшы эле уюштурулган митинг аягында начар бүттү, толук тилегине жетпегени көрүнүп турат. Кээ бир митингтин катышуучулары жакалашып, таш ыргытып, милиция кызматкерлерине жаман мамиле кылып, кыйкырык-чуу салышты. Ошол эле ак үйдүн жумушчуларын, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жек көрүү, душмандай мамиле кылуу туура эмес. Бирок бийликтегилер, өзгөчө ички иштер министрлиги биз жеңдик, бир тобун камадык, күч колдондук деген эйфориядан алыс болушу керек.

Алардын дагы митингге катышкандардын арасында ата-энеси, тууган-туушкандары, жердештери бар. Күч органдарынын өз элине күч колдонгону бул жат нерсе. Милициянын иши-бул кылмышкерлерди жоопко тартуу, элдик милиция болуу, жеке эле бийликтики эмес. Ошол эле маалда, элибиз өзүнүн коргоочуларына толук кандуу көңүл бурбаса башкалардын аскерлерин багып калаарын унутпашы керек.

Милиция кызматкерлери өз милдеттерин аткарып жүрүшсө, аларга кол салган-бул кылмышкерлик. Мыйзам баарына тең болушу керек.

Жан кейиткени  биз 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель революцияларынан жана жакында эле болуп өткөн Кой-Таш окуясынан туура сабак албаганыбыз.

Сүйүнгөнүм эч кандай өлүм-житим, "мародерство" болбогону. 

Элиме тынчтык, бакубат жашоо каалайм", - деген Кубанычбек Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости