www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3 баласын жетим калтырган зөөкүр күйөө

23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келиндин өлтүрүлүшүнө шектелип, 34 жаштагы жолдошу кармалды. Талас ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, келин буга чейин жолдошу менен Бишкекте жашагандыгы такталды. Бирок ал 1 айга жакын убакыт мурда күйөөсү менен ажырашып, Таласка апасына баса берген. Күйөөсү анын артынан келген. Бирок экөөнүн ортосунда чатак чыгып, урушуп кетип, аны бычак менен сайып салган.

«Бул кылмышка шектүү адам кечээ күнү кармалды. Ал каза болгон жарандын (келиндин) күйөөсү. Шектүү Бакай-Ата районунун тургуну 1984-жылы туулган тургуну экендиги такталды. Буга чейин жубайы экөө Бишкек шаарында жашап келишкен. Ал кылмыштан кийин 1 суткага жетпей Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетине жакын жерден кармалды. Өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон. Кармалган адам азыркы учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 23-сентябрда Талас шаарында 25 жаштагы келин бычакталып мерт болгондугу кабарланган.

Маалыматка караганда, келиндин денесине бир нече жолу бычак сайылып, ооруканага жетпей каза болгон. Анын жолдошу экөөнүн ортосунда 3 баласы бар экендиги айтылган.

Талас ОИИБ өз кезегинде 23-сентябрда саат 20:00 чамасында милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 1993-жылы туулган А.Ж. аттуу кызын белгисиз адам бычактап өлтүргөндүгүн билдиргендигин маалымдаган. Милиция кызматкерлери кылмышка шектелген адам аныкташкан.

Ал эми кошуналарынын айтымында, каза болгон келин Талас шаарында көп кабаттуу жатаканалардын биринде апасы менен жашачу.

«Жаркылдаган, жардамын аябаган кыз эле. Бакай-Атага турмушка чыккан экен. Өздөрү Бишкекте турушчу экен. 1,5 айдан бери жолдошу менен ажырашып Таласта жүргөн. «Жолдошум тынчымды алып жатат» деп айтып жүрчү. Кечээ үйдө сиңдиси экөө калыптыр. Сиңдисин «тишим ооруп жатат» деп аптекага жөнөткөн экен. Сиңдиси 2 таблетка дары алып келгенче бычакталып калыптыр. Бирок бычактаган адамды милиция таппай калды», - дешкен алар.

Булак: "Турмуш"

Последние новости