www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор шаарыбызга өзгөчө көрк берип турган Жеңиш аянтында чамгарагы бийик боз үй менен салабаттуу турган эненин элеси, тубөлүктүүлүктүн үлгүсү катары жалыны жалбырттаган өчпөс от жашообузга дем, турмушубузга шаң тартууландай сезем. Убактым боло калганда тек гана ушул жайды аралап өтмөй адатым бар.

Бүгүн да түш оой ошол тарапта жүрсөм жыйырма чакты чет элдик туристтер алдымдан чыкты.Алардын кызыкканы башымдагы калпак экенин, сүрөткө тартып алууга ынтызар болуп жатышканын тилин тушүнбөсөм да жаңсаганынан, жылмайып сылык өтунүч келтиргенинен түшүнүп, алар менен бир канча кадрга түшүп калууга да үлгүрдүм... Анан эле алар менен эстеликтин жанына жакындай келгенде жаш үйлөнүшкөн түгөйлөрдү коштоп жүргөн топтошкон жаштарга жолуктук. Арак, шампандары ачылган.... закускелери чачылган...эч кимди көзгө илбеген, шатыра шатман, шапар тепкендер ...Тигилерге эле эмес, бул жерде көнүмүш адатка айланган бул көрүнүш мага да бул жолу көргөн көзгө абдан эле өөн учрады.

Ыйык белгилер турса, жер тапбай калгансып ушул жерге спирттик ичимдиктерди ичпей эле коюшса болмок да?! Тушүнүүгө аракеттендим коноктор да ар кандай ойдо болушканы алдыртан байкалып турду. Даниялыктар экен. 

Канткен менен Бишкектеги үйлөнгөндөр сөзсүз ушул жерге келүүнү салтка айландырып алышканы жакшы жөрөлгө деңизчи. Керек болсо ушул жерди эки жашка Кызыр ата, Умай эне бата бере турган касиеттүү жайга айландыруу керек деген ой келди. ...

Бирок да топтошуп алып арак иче турган жай эмес!

Кадыр Кошалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости