www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ыкчам маалымат таратып, шоу дүйнөсүнө сүңгүп кирип, курч калеми менен алдына ат салдырбаган SUPER.KG'нин түз эфиринде 3-июлда саат 14:00дө Жогорку Кеӊештин V чакырылышынын төрагасы, белгилүү саясатчы Ахматбек Келдибеков маек курат. Бул тууралуу SUPER.KG сайты жазып чыкты. 

"Ахматбек Келдибеков быйыл күздө өтүүчү президенттик шайлоого катышуусу мүмкүн делген саясатчылардын бири. Сизди экс-депутаттын саясий ишмердүүлүгү, өлкөдөгү соӊку окуяларга көз карашы, жакынкы пландары кызыктырса суроо узатыӊыз.

Суроолорду түз эфирге чейин WhatsApp аркылуу +996 557 75-63-63 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир башталганга чейин "Соңку кабар" аркылуу, тагыраагы, ушул кабардын астына да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот",  - деп кошумчалаган аталган сайт.

Эске сала кетсек белгилүү саясатчы менен түз маекти Автандил Добулбеков алып барат.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости