www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катарга карата жаңы санкциялар

Бириккен Араб Эмирликтеринин Орусиядагы элчиси Омар Гобаш булуңдагы араб өлкөлөрүнүн Катарга карата кээ бир  жаңы экономикалык санкция пландап жаткандыгын айтты.

Англис гезити The Guardianга маалымат берген Гобаш өз соода өнөктөштөрүнө Катар жана булуң өлкөлөрүнүн ортосунда бирөөсүн тандоо сыяктуу кээ бир шарттарды алып келерин билдирди. Гобаш Катар менен соода кылган өлкөлөр менен соода карым  - катнаштарынын азайтылышынын да бул санкциялардын бирөөсү болушу мүмкүн экендигин белгилеп, Катардын Булуң Кызматташтык Кеңешинен чыгарылышынын «азыркы учурдагы бир гана санкция» эмес экендигин да айтты.  

Сауд Аравия, Египет, Бахрейн жана Бириккен Араб Эмирликтери «террордук уюмдарга колдоо берди» деген негиз менен 5 -  июнда Катар менен дипломатиялык карым катнаштарын токтотуу чечимин чыгарып, Катар менен деңиз жана аба жолу транспортун да токтоткон. Бул өлкөлөргө Йемен, Мальдивлер менен Ливиянын чыгышындагы өкмөт да кошулган.

Өткөн жумада Катарга эмбарго жасаган өлкөлөрдөн Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Египет жана Бахрейн эмбаргонун жоюулушу үчүн бул өлкөгө талап тизмесин берген. Ушуга караганда 13 башка беренеден турган тизмеде борбору Катар болгон Аль Жазиранын жабылышы, Иран менен карым – катнаштарды чектөө, Катардагы түрк аскердик жазасынын жабылышы жана кээ бир террордук кылмышкерлерин тапшыруу сыяктуу талаптар орун алган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости