www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-октябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Нарын жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 11...16,

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Талас облусунда 1...6, күндүз 13...18,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...5° болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 4...6, күндүз 18...20° болот. Жаан жаабайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости