www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоодон кийинки күнү, 5-октябрда, 1-класстар окубайт. Ал күнү мектептердин бардыгы дезинфекцияланат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы жиберген билдирмеде жазылган.

Аталган кабарды Билим берүү жана илим министрлигинен да тастыкташты.

Ага ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, ар бир мектепте, өзгөчө шайлоо участогу жайгашкан билим берүү мекемелеринде дезинфекциялык иштер тыкыр аткарыла турганын айткан.

"Жалпыбызга маалым болгондой, көптөгөн шайлоо участоктору мектептерде жайгашкан. Муну эске алуу менен окуу процессин 6-октябрдан тарта, башкача айтканда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин жандандыруу чечими кабыл алынган", — деди Боронов.

Белгилей кетсек, 1-класстар окуу жылы башталгандан тарта эле салттуу режимде билим алып жатышкан. Өкмөттүн андан кийинки чыгарган чечимине ылайык, 6-октябрдан баштап 2-класстан 6-класска чейинки окуучулар жалпы билим берүү мекемелеринде салттуу түрдө окуй баштайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости