www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талапкерлер шайлоого чейин эле аларды канча адам  колдой тургандыгын билишет. Бирок алар ач көздөнүп, шайлоого катышууга ынтызар. Маселен, Равшан Жээнбеков 30 миң колдун жарымын алдамчылык жол менен жасап, БШКга өткөрүп берген деген сөздөр тараган. Бул чынбы же калппы, БШКнын текшерүүсүнөн кийин гана белгилүү болот.

Анан кантип ал мамлекетти башкарат? Ушактарга ылайык, ал кол чогулткан жигиттерге акча төлөбөй койгон, ошондуктан алар ызы-чуу чыгарып жатышат. Ызы-чуу чыгаргандан башка эмне кыла алышмак эле, тааныштарына барышып, кол койдуртуп, талап кылынган санда кол чогултушту. Акчасын төлөп бербей коюу эркекчеби? Алдоо Кудайга жаккан иш эмес.

Башка талапкерлер - Мадумаров, Сегизбаев, Исаев дагы 30 миң кол топтой алышкан жок деген маалымат тароодо. Алар негизинен "өлгөн жарандардын" кол тамгаларын БШКга өткөрүп беришкен деп айтылууда.

Азыртадан эле алдамчылыкка барып жаткан адамдар эртеңки күнү элди кантип башкараары кызыктуу. Биз муну түшүнө албайбыз.

Тескерисинче, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө байкоо салып, шайлоого катышпай койгону оң. Алар өздөрүнүн тегерегиндеги 100гө жакын адамды мактамыш этип, алдап кетишкени менен, кантип бүтүн элди алдашат?

Ушундай. Бекерчилер президент болуу тууралуу түш көрүп келе жатышат. Эртең 5 жумушчуга эмгек акысын төлөй албай, аларды бекер иштөөгө мажбурлап жаткан адамдар өлкөнү талап-тоношот.

Булак: abal.kg

Последние новости