www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бактысыз балалыгыбыз үчүн апамды жек көрөм!

Ооба, апам бүгүн дагы мурдагыдай абалында. Азык-түлүк камдап койгонсуп, казан-аякты калдырата тамак издеп жүрөт. Дагы кызуу...

Мен эс тартканы жалаң ушул апамдын азабын тартып келдим. Атам бизден кеткенден бери апам аракка берилип кетти. Иним экөөбуз ар кимдин эскисин кийип, жарыбаган тамак-аш менен азыктанып бой жетип келебиз.

Мен бүгүн он сегиз жашка толдум. Курбуларым 18 жашка толгонун керемет кечеге айландырып, эстен кеткис өткөрүшүүдө.

Ушунун баарын апамдын көзүн карап айткым келди. Ал болсо эч нерседен иши жок уйкуга кетти.

Иним бели ката электе мектебин таштап, базарда иштеп жүрөт. Таң атпай уялбай апам бизди ойготуп, жалдырап, аракка акча сурайт.

Бактысыз балалыгыбыз үчун мен апамды жек көрөм!

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости