www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл башаламандык менен аяктаган парламенттик шайлоону алалы. Темир Сариев менен түзгөн тандем  ишке ашкан жок. Мадумаров менен түзгүсү келди эле пикирлери келишкен жок. Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков, Сурабалдиевалардын үнү чыкпай калды. Башаламандык болду ага ким күнөөлүү белгисиз. Ага чейин Текебаев менен Шыкмамтовдун, Мамашевалардын ымаласы келбей калган. 30 жылдан бери Текебаев кимдер менен тандем түзбөдү, текеге эки м үйүз өсөт экен, Текебаевге өспөдү

Эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолукту. Бул тууралуу фейсбук колдонуучусу Турсунбек Бейшенбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 

«"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Курсан Асанов жолугуп өлкөнүн учурдагы абалы, социалдык-экономикалык жагдайлар жана саясий көйгөйлөрдү талкуулашты. Текебаев саясатчы катары Асановго өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, акыл насаатын, кеп-кеңешин айтты.

Ошондой эле, Текебаев Асановго күчтүү саясий эрк жана кайраттуулук каалап, бул жолду ишенимдүү жана татыктуу улантууга тилектеш экенин билдирип, элдик генералга ак батасын берди.Курсан Асанов Өмүрбек Текебаевге колдоосу жана баалуу кеңештери үчүн ыраазычылык айтып, Кыргызстанда тартипти орнотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди»,-деп жазды ал. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости