www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-сентябрда түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +13… +18,

Таласта түнкүсүн: 0…+5, күндүз: +11…+16,

Баткенде түнкүсүн: +6… +11, күндүз: +14…+19,

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +6…+11, күндүз: +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +12… +17,

Нарында түнкүсүн: +2…+7, күндүз: +13…+18,

Бишкекте түнкүсүн +5…+7, күндүз: +16…+18.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости