www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус, коронавирус үчүн төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө 120 миллион ыкчам тест топтомун сунуштай тургандарын билдирди.

Башкы директор Гебреисус, ДСУнун Швейцариянын Женева шаарындагы кеңсесинде видеоконференция ыкмасы менен маалымат жыйын өткөрдү.

Гебреисус ДСУ жана анын өнөктөштөрү тарабынан түзүлгөн келишимдин негизинде, коронавирусту тез аныктаган ыкчам тест топтомун төмөн жана орто кирешелүү өлкөлөргө сунуш кыла тургандарын билдирди.

Тез диагностикалык топтомдордун 15-20 мүнөттө натыйжа берерин айткан Гебреисус: «Учурда бирдиктин максималдуу баасы 5 долларды түзөт. Бул ПЦР тесттерине караганда кыйла арзан жана биз баанын төмөндөшүн күтүп жатабыз», - деди.

Гебреисус ыкчам тест топтомдору кайсы өлкөлөргө таратыларын так айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости