www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын жогорку палатасы император Акихитонун тактыдан баш тартканы жөнүндө атайын мыйзам долбоорун колдоду. Мындан чечимди парламент акыркы 200 жылдын аралыгында биринчи ирет кабыл алып олтурат. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин үч жылдын аралыгында каалаган күнү тактыдан баш тартса болот. Ошондон кийин бийлик Акихитонун улуу баласы Нарухитого өткөрүлүп берилет, өзү болсо негизги артыкчылыктарды сактап калат. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ кабыл алынган мыйзам долбоорун өлкө тарыхындагы маанилүү учур экенин көрсөттү.

Жапон ММКлары белгилегендей, тактыдан баш тартуу Акихитонун башкарганына 30 жыл толуп бүткөндөн кийин болушу мүмкүн, башкача айтканда, 2018-жылдын декабрь айында.

Император Акихито тактыга атасы император Хирохито каза болгондон кийин 1989-жылы келген. Акыркы жолу жапон императору тактыдан 1817-жылы баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости