www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2017-жылдын 9-июнунда, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын шаарынын вице-мэри С.Эсенаманова, Нарын жаштарынын өкүлдөрү Борбордук Азия университетинин окутуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Анда облус башчы БАУ аркылуу эл аралык стандарттагы сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүлүп жатканын белгилеп,  ал эми эки тараптын тең жаштарынан кеткен катачылыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн айтты. Мындан аркы өткөрүлчү иш чараларды биргеликте уюштуруу менен жаштардын  ынтымагын чыңдоого өбөлгө түзүлөөрүн билдирди.

Нарын жаштарынын өкүлдөрү кечээки болуп өткөн окуя боюнча өз ойлорун айтышты.  Алар кызуу кандуулукка алдырганын билдирип, ошол эле учурда эки тарап бири-бирин сыйлоосу зарыл экенин белгилеп өтүштү. Андан соң БАУ окутуучуларына кыргыздын каада-салттары тууралуу китеп жана «Манас» эпосун, калпак  белекке тартуулап, кечирим сурашты.

БАУ деканы Диана Пауна кечээки болгон окуяда башка ойдо калса, бүгүн башка ойдо экенин айтты. «Чын дилиңиздерден кечирим сурап жатканыңыздарды баалайбыз жана кабыл алабыз. Биз тараптан дагы бир катар иштер аткарылат. Кийинки жылдардан баштап «Манас», кыргыз тарыхы боюнча студенттерибизди окутабыз. Жергиликтүү жаштар менен тыгыз иш алып барып, ынтымагыбызды чыңдайбыз»,-деди Пауна айым.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости