www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президентинин адвокаты Марк Касовиц ФЧБнын башчысы Жеймс Коминин Дональд Трамптын дарегине айтылган кинелерди четке какты. Коминин билдирүүсү боюнча, президент улуттук коопсуздук боюнча америкалык лидердин мурдагы жардамчысы Макл Флиннге карата атайын кызматтар алып барган тергөөгө басым жасоого аракет көргөн имиш. “Коми мырза баарынан мурда добуштарды саноодо Орусиянын кийлигишүү болгону жөнүндө эч кандай далилдер жок экенин мойнуна алды, - деди Марк Касовиц, - Коми мырзанын көрсөтмөсүнөн так түшүнүктүү болгондой, президент эч качан орустардын америкалык шайлоо процессине кийгилишкен аракети боюнча тергөөгө тоскоол болууга аракеттенип көргөн эмес”.

Ошондой эле Трамптын адвокатынын билдирүүсүнө ылайык, АКШ өкмөтүндө азыркы администрациянын позициясын түшүрүү аракетинде “жашыруун маалыматтардын мыйзамсыз чыгып кетишин уюштуруу боюнча” адамдар калган. Мындай “жыртыкты уюштургандардын” бири Жеймс Коми деди Касовиц.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости