www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

300 адам балмуздакка ууланды

Өзбекстандын Анжиян облусунда жүздөгөн адам балмуздакка ууланып, ооруканага кайрылышканын «Азаттык» радиосу жазып чыкты. Маалыматта мындай деп жазылат:

«Облусттук саламаттыкты сактоо башкармалыгынан кеминде 300 адам ууланганын билдиришти. Жергиликтүү жашоочулар алардын саны 600гө жетерин айтып жатышат. Шаар акимчилиги уулангандар «колдо жасалган балмуздак» жегенин кабарлады. Маалыматка караганда, шейшемби түштөн кийин шаардагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө 182 киши жаткырылган.

Шаарга өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин жана башкы мамлекеттик санитардык врачынын орун басарлары башында турган дарылер тобу келишти. Учурда бардык балмуздак саткан жайлар текшерилүүдө».

Күн ысыгандан бери балмуздак саткандар бизде да жайнап чыга баштады. Абайлап жеңиздер, туугандар!

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости