www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Датым бар, угуп койгулачы» деген аталышта журналист Семетей Талас уулу Фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Өмүрбек Бабановдун ашкере жактоочулары менин эжемдин баласы АКБ Кыргызстандан үйүн коюп, 35% менен кредит алган.

Жээним дөңгөлөк сатып,бизнес кылат. Бирок, былтыр эски дөңгөлөктөр мурдагыдай киргизилбей, доллар да өсүп, ал ортодо бирөөлөр да кидать кетип, азыр кредитин кечиктирип төлөп атат. Кечүүгүнүн айынан банк штраф салып, азыр пенясын эле төлөп атыптыр. Мисалы 50 000 сом төксө, анын 10000 сомду негизги карызга, калган 40 000 сому пеняга кетип жатыптыр.

Менин айтайын дегеним, Бабановго жолуктуруп койгулачы, жок дегенде пенясын токтотуп, негизги сумманы төлөгөнгө шарт түзүп берсин. Болбосо, алган 22 500 долларын үстүнө 7 миң доллар төлөп берчү жерден мындай темпте кайра 15 000 доллар төлөп калгыдай. Жардам кылсаңар жакшы болмок.

Негизи кредит алган дагы, берген дагы болбойт экен. Берекеси жок жашоо, жээнимдин оор акыбалынан улам ушундай ойго келдим»,-деп жазат Семетей Талас уулу.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости