www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Актөбө аймагында №26 - шайлоо тилкесине 105 жашка чыккан Жакибай Бисенгалиева добуш берүү үчүн келди. Бул тууралуу NUR.KZ маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, 105ке чыккан карыя тыл ардагери болгону айтылган.

--“Мен дайыма шайлоодон калбай катышам. Мурда шайлоо тилкеси ачылаар замат келип добуш берчү элем. Азыр аябай карыдым”, - дейт Бисенгалиева.

Кылымдан ашык жашаган апа шайлоо участогундагы байкоочулардын өкүлдөрүнө батасын берип кетти.

--“Алланын берекесин, эки дүйнөнүн аброюн берсин! Жаңы жыл, шайлоо дагы кутту болсун! Бүгүнкү шайлоо тынч өтүүсүнө тилектешмин. Касташаар досторуң калбасын, артыңдан душман салбасын. Оорудан алла куткарсын. Жаштар дагы менин жашыма жетип, шайлоого катышып жүрүшсүн”,- деп батасын берген Жакибай Бисенгалиева.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости