www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик шайлоодо 1%дан жогору добуш алган талапкерлерге БШК шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова билдирди.

Белгилей кетсек, шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 млн сомду түзөт.

Учурда президенттикке 17 талапкер ат салышууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат. Ушул тапта Кыргызстана 2428, чет өлкөлөрдө 48 добуш берүү участогу иштеп жатат. Жалпы 3,5 млн ашуун шайлоочу катталган.

Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:

-президенттик;

-парламенттик;

-баарына каршы варианттары коюлган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости