www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-август өлкөнүн Көз карандысыздык майрамында, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Муниципалитет белгилегендей, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулуп, анын ичинде кечээ күнкү майрамда адаттагыдай концерт уюштурулган эмес. Бирок эл кечинде салют аттырганда келип алган.

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери эртеден кечке нөөмөткө туруп иштеп, "Ала-Тоо" аянтынан эки тонна таштанды чыгарышкан. Бул былтыркы жылдагыга караганда бир топ эле аз. Анда шаардыктар 16 тонна акыр-чикир калтырышкан болчу.

Бишкек шаардык милициясынын маалыматы боюнча, кечээ тартип бузуулар же кандайдыр бир жагымсыз окуялар катталган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости