www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандан Россиянын бир нече шаарына уюштурула турган чартердик каттамдардын расписаниесин жарыялады. Аны менен катар, Россиянын жарандарынан сырткары айрым категориядагы кыргызстандыктар дагы учуп кетүүгө мүмкүн экени жазылган.

Алар төмөнкүлөр:

Аялы же күйөөсү, баласы, ата-энеси РФ жараны болсо;

Туруктуу жашоого уруксаты бар тараптар;

Медициналык мекемелердин чакыруусу;

Ооруп жаткан жакын тууганын кароо үчүн бара тургандар Россиянын аймагына кирерден үч күн мурун коронавируска тапшырган ПЦР-тести таза чыкканын көрсөткөн маалым каттын негизинде бара алат.

Каттамдардын расписаниеси:

01.09 Бишкек — Жуковский, саат 5:30да учат (Уральские авиалинии);

01.09 Ош — Жуковский, саат 5:15те учат (Уральские авиалинии);

01.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7)

02.09 Бишкек — Екатеринбург, саат 04:45те (Уральские авиалинии);

04.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);

05.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);

05.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);

06.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7);

07.09 Ош — Екатеринбург, саат 05:10до учат (Уральские авиалинии);

08.09 Бишкек — Москва, саат 04:55те учат (Уральские авиалинии);

08.09 Ош — Москва, саат 06:50дө учат (Уральские авиалинии).

08.09 Ош — Новосибирск, саат 17:45те учат (S7);

09.09 Бишкек — Екатеринбург, убактысы такталууда;

11.09 Ош — Москва, саат 07:45те учат (S7);

12.09 Бишкек — Санкт-Петербург, саат 07:35те учат (Уральские авиалинии);

12.09 Ош — Санкт-Петербург, саат 21:55те учат (Уральские авиалинии);

13.09 Бишкек — Новосибирск, саат 18:10до учат (S7).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости