www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нургазы Мусаев: Сапар Исаковго окшоп

Балык башынан гана эмес, ичинен да, ортосунан да, куйругунан да сасыган коом куруп алыптырбыз...

"Коомдо орду бар, аты бар, артында карап турган эли бар" жарандарды байкабай жүргөн бизге убал жок. Нейтралдуу, эч жакка тартпаган аналитикалык маалымат, талдоо берип коюңузчу деп кайрылсам, бардыгынын эле коомдо орду бар, өз позициясы бар, ошонун эле оозун тиктеп отурган эли бар жарандар го...
Алмаз Кулматов деген мурда Кочкорго аким болгон, кийин "Замандашта" чогуу иштешкен агам, анан Ак Үй жакта да папке кучактап калган майда калибрлүү чиновник мага аябай ороңдоду телефондон. Тим эле оозунан алтын шилекей чачыратчудай. Бу турмуштун абсолюттук чындыгын жалгыз өзү айтчудай тыңсынат го кайран киши.

Ушул киши чын эле Президенттин алдындагы тил комиссиясында иштеди беле деп, "в шоке" болдум. Сапар Исаковдон бетер "я в шоке!!!" болдум. "Эксперт, аналитик "иттин кара капталынан" деди. Ошолорду таап алгыла деди мен эчтеке дей электе...

Ошол "иттин кара капталынан болгон" аналитиктердин бирин да таба албай жатам. Тээ августтун ортосунда издеп баштагам. Күзгө кирдик, андай аналитиктен дайын жок.
Баары эле кимге ылайыктап аналитика, экспертиза кылышым керек дейт. Канча төлөйт экен дейт. ТВга чыксам мынча, чыкпасам мынча, атымды атабай аналитика, экспертиза кылып берсем мынча дейт, тооба.

Экспертиза бирөөнүн кабагына, капчыгына, коомдогу аба ырайына карап жасалат турбайбы... Аналитика Ажонун каш-кабагына же кожоюндун капчыгына карай жүргүзүлүп, ошого жараша жышылып, оңдолуп, кесилип, анан элге сунушталат экен. Ушундай экенин мурун эле билчүмүн, бирок эксперттик чөйрө мынчалык "базарга" айланып кеткенин билген эмес экенмин.
Эл КТРден чыга берчү эксперттерди, аналитиктерди мынча жек көрөт экен деп ойлочумун.
Көрсө, балык башынан гана эмес, ичинен да, ортосунан да, куйругунан да сасып жаткан коом куруп алыптырбыз. Эксперт, аналитик сөрөйлөрүбүз заказга карап туруп эле, экспертиза, аналитикалык маалымат бере берет турбайбы.

Көз карандысыз делген эксперттериң деле бир гранттын, долбоордун алкагында иштейт экен да, ошол долбоордун максатына ылайыктап эксперт болуп койо берет экен.
Муну мен мурун эле билчүмүн, эми жон терим менен сезип жатам.

Эксперт деген, менин чолок акылымда, илгерки сынчылар. Сынчы адамды, кызды, күлүктү канчалык туура тандап берсе, элдин, коомдун, падышанын иши ошончолук жакшы жүрүшкөн эмеспи. Падыша да ошол сынчынын тилин алган да. Сынчынын тилин албаган өкүмдарлар өздөрү күм-жам болушкан. Мунун мисалы тарыхта да, фольклордо да толтура.

Бизде болсо бийликтер алгач өздөрү каалагандай позицияны аныктап алышат экен да, анан КТР аркылуу баягы, баягы эксперттерин улам-улам сүйлөтүп, анан эксперттик пикир ушундай болду. Демек, биздин иш туура экен. Биз болуп көрбөгөндөй мыкты иштеп жатыптырбыз. Бизге даңк жана дүңк деп отура беришет экен.

А чечим кабыл алчулардын деңгээлин көрүп жатасыздар. "Орусча сүйлөй алат экен", - деген жогорку бийликте болуунун бир критерийи болуп калды мисалы. О илгери Гете аксакал жашап өткөн алман жерлериндеги бир шаардын аталышын "туура атады, акыры туура атады, "мы это сделали" деп, калпагыбызды көккө ыргытып, өзүбүздү өзүбүз аябай шылдыңдадык.

Президентти "мунуң кагаз карап окуса Президент, кагаздан көзүн алса башкарма" деген Салижан Жигитовдой сынчылар кайда? "Мурдуна бок сүйкөлгөн кыргызым, тарткылыгың али алдыда" деген Дооронбек аксакал көрүндө канча жолу оодарылды экен?

Ошентип бийлиги да, сыңар өтүгү майрык сынчысы да, жамандан башка кеп айтпаган букарасы да, өз элине "ортон колун" көрсөткөн лидерлери да, атүгүл музейге трусасын иле калып, чай куйбайм, бала туубайм деген ургаачылары да, эркекти мүчөсүнүн "минилиги" менен баалаган түркүн-түс кыздары да, милициясы менен табакташ криминалы да, баңгизат менен кармалган милициясы да, койчу, кайсы бирин айтайын, "жездесине эжеси, эжесине жездеси куп жарашкан укмуш коом куруп алыптырбыз.

Аналитикмин, экспертмин деп улам "кара жащиктен" чыга калчулар кайсы бир саясий топтун, долбоордун кызыкчылыгын коргоп жаткан бир көрпенде экенин эсибизден чыгарбайлы.

Баса, кара жылды как жара аналитика кылып берем, эч жакка тартпайм деген азаматтар болсо мени менен байланышкыла.

Нургазы Мусаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости