www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилик курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат жыйынын өткөздү. Бүгүн 20-июль күнү Башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов алгач пресс-конференцияны элге ачык айкындуулукту камсыздоо максатында өткөзүлүп жаткандагын белгиледи.
Андан соң Жалал-Абад ОИИБнин 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында аткарган ишмердүүлүгүнүн абалы боюнча токтолду. 2018-жылдын 6 айында Жалал-Абад областтык ички иштер органдарынын өздүк курамы өздөрүнө жүктөлгөн талаптарды так аткаруу максатында кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышты.
102 телефонуна 2783 чакыруу түшүп, Тергөө-ыкчам тобу 2737 окуяга чыккан. Анын ичинен: 454 үй-бүлөлүк чыр чатактар, 38 жалган чакыруу болгон. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан 72 кылмыштын бетин изи суутулбай ачкан. 2018-жылдын 6 ай ичинде ОИИБнин Басма сөз кызматы тарабынан, Жалал-Абад ОИИБи жана ШРИИБи тарабынан аткарылган иш-чаралар боюнча, жалпы 283 ар кандай мүнөздөгү маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарынан чагылдырылды.
КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АБАЛЫ БОЮНЧА: 2018-жылдын 6 ай ичинде жалпы катталган кылмыштардын саны-1342, кылмыштын бетин ачуу пайызы 87,3% түздү. Кылмыш иликтөө багытында жалпы – 23кө (730 - 753) аз кылмыш катталып, анын ичинде 827 кылмыш иши тергелип, 727 кылмыштын бети ачылган. 2018-жылдын 6 ай ичинде кылмыш иликтөө багытында оор жана өзгөчө оор кылмыштар, былтыркы жылга салыштырмалуу -36га (104 – 140) аз кылмыш катталган. Кылмыш иликтөө багытында катталган кылмыштарды кылмыштын түрлөрүнө бөлүп караганда, адамдын өздүгүнө каршы кылмыштар боюнча: Адам өлтүрүү фактысы, 2018-жылдын 6 ай ичинде былтыркы жылга салыштырмалуу -3кө (8 - 11) азайган.
Ден-соолукка оор залал келтирүү 2018-жылдын 6 ай ичинде 15 кылмыш катталып, Анын ичинен ден-соолукка залал келтирип өлүмгө алып барганы 1 факты катталган.. Зордуктоо фактысы отчеттук мезгилде 12 кылмыш катталды. Ал эми мүлккө каршы кылмыштардын ичинен: Уурулук фактылары 2018-жылдын 6 ай ичинде 315 (2017-ж. - 354), б.а. өткөн жылга салыштырмалуу -39га азайган. Келтирилген зыяндын кайтарымдуулугу 60,7%зы кайтарылган. Анын ичинен батирлерден жасалган уурулуктар, 2018-жылдын 6 ай ичинде -16га (68 - 84) азайган. Батирлерден болгон уурулуктар боюнча келтирилген зыян 3,475 360 сомду түзүп, анын ичинен 1,832 370 сому өндүрулгөн, же келтирилген зыяндын 52,7% кайтарылган. Мал уурулук фактысы 2018-жылдын 6 ай ичинде жалпы -37ге (124 - 161) кескин азайган. Үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинде областын аймагында жалпы 246 баш мал уурдалып, алардын 195 баш кайтарылып берилген. Уурдалган малдарды түрлөрүнө бөлүп карасак: - 16 жылкы уурдалып, анын 12башы ээлерине кайтарылды. - 93 ийри мүйүздүү мал уурдалып, анын ичинен 70 баш мал кайтарылган. - 98 майда жандыктар уурдалып, 78 ээлерине кайтарылган; - (Эшек уурулук кескин азайган) 39 (152) эшек уурдалып, анын ичинен 35 эшек кайтарылган. Мал уурулук фактысы боюнча жалпы келтирилген зыян 5, 060 000 сомду түзүп, анын 3,402 000 сомдук материалдык зыян ээлерине кайтарылып берилген, башкача айтканда келтирилген зыяндын 67,2%ы кайтарылган. Тоноо фактысы, 2017-жылдын 6 айына салыштырмалуу +3кө (22 - 19) көп кылмыш катталган. Каракчылык фактысы жалпы 5 факты катталган. Алдамчылык фактысы 6 ай ичинде +49га (108 - 59) кескин өсүп кеткен. Алдамчылык фактысы боюнча келтирилген зыяндын суммасы 19,355 434 сомду түзүп, анын 10,176 500 сому өндүрүлгөн. Опузалап талап кылуу фактысы 6 ай ичинде 10 кылмыш катталган. 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында автотранспортту укукка жат түрдө ээлеп алуу фактысы 14. Кылмышкерлерди издөө: Жыл башынан жалпы 647 кылмышкер изделип, анын ичинен 155 кылмышкер кармалган. Дайынсыз жоголгондор: Ал эми 6 ай ичинде 119 дайынсыз жоголгон адамдарга издөө иши жарыяланып, алардын ичинен 117 адам табылган. ТЕРГӨӨ БАГЫТЫНДА: 2018-жылдын 6 ай ичинде жалпы 781 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. (10-болүм) ЭКСТРЕМИЗМГЕ, МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ БАГЫТЫНДА 2018-жылдын 6 ай ичинде Жалал-Абад ОИИБнын ЭММКАК тарабынан жалпы 144 кылмыш фактысы аныкталып, анын ичинен 50 фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. БАНГИ ЗАТКА КАРШЫ КЫЗМАТЫ БАГЫТЫНДА: 2017-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын ИИМнин БКМКнын Жалал-Абад областы боюнча Башкармалыгынын жана Жалал-Абад ОИИБнын ШРИИБнүн БЗМЖККТнун кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды, акыл эске таасир берүүчү психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында бир топ ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын натыйжасында 2018-жылдын 1-жарым жылдыгында жалпы 74 факты аныкталган, Аныкталган фактылар боюнча жалпы 900 кг. 955 гр. банги заты алынган.
КООМДУК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗДОО БАГЫТЫНДА: 2018-жылдын 6 ай ичинде коомдук жайда катталган кылмыштардын саны жалпы 193, ал эми көчөдө 106 кылмыш катталган. 2018-жылдын 6 айында ШРИИБи тарабынан 123 (140) жолу «Өспүрүм», «Селсаяк», “Өспүрүм эмгек”, «Лидер», «Подросток», «Каникул», “Камкордук”, «Түнкү өспүрүм», «Рэкетке каршы», «Алдын-алуу», «Салам, мектеп!», «Мектеп кайгуулу» аталыштардагы профилактикалык иш-чаралар жана рейдтер өткөрүлдү. Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө тентип жүргөн – 163, тилемчилик кылып жүргөн – 173, жалпысынан – 336 жаш өспүрүм аныкталган. Үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде балдарды кароо комиссиясына (КДД) – 1012 материал жөнөтүлүп, анын ичинен ата-энелерге карата – 270 балдарга карата – 742 материал жиберилип, 945 материал каралган. Анын ичинен 830 өспүрүмгө тарбия мүнөзүндөгү башка чаралар көрүлгөн. Социалдык жактан жардам берүүчү балдар үйүнө - 2 бала, интернатка – 2, адаптация жана реабилитациялоо борборуна – 2 бала жиберилип, 148 баланын ата-энесине административдик протоколдор толтурулуп, 58 000 сом өлчөмүндө айып төлөм салынып, 43 700 сому өндүрүлгөн. ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН
КАМСЫЗДОО БАГЫТЫНДА: Жалал-Абад областынын аймагында 2018-жылдын 6 ай ичинде катталган жол кырсыктарынын саны жалпы – 29га (234 – 263) азайган, анын кесепетинен денесине жарат алган жарандардын саны -68ге (398 - 466) азайган. Бирок каза болгон атуулдардын саны +8ге (56 - 48) өстү. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктары былтыркы жылга салыштырмалуу +2ге (63 - 61) көп катталып, анын кесепетинен каза болгон балдардын саны +7ге (11 - 4) өсүп кеткен. Ал эми “Бишкек - Ош” автожолунда катталган жол транспорт кырсыктарынын саны -38ге (99 - 137) аз катталып, каза болгон атуулдардын саны – 16га (23 - 39) жана жарат алган атуулдардын саны –72ге (210 - 282) кыскарган. Административдик практика боюнча: Үстүбүздөгү жылдын 6 ай ичинде жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпы 21 млн 918 миң 400 сом ѳлчѳмүндѳ айып төлөм салынган. Кылычбек Нурмаматовичтин айтымында, жарандык коом тарабынан айтылган ар бир сын пикирлер,комментарийлер журналисттердин журналисттик иликтөөлөрү талданып, сөзсүз түрдө чара көрүлүп жаткандагын айтты. Аны менен бирге өздүк курам арасында тартиптин сакталышын ар дайым биринчи орунду коюп келгендигин жана бир топ кызматкерлер аныкталып каттуу чаралар көрүлгөндүгүн баса белгиледи.
Алсак, Өздүк курам арасындагы тартип: 2018-жылдын 6 ай ичинде өздүк курамдын арасында мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузуулардын саны 354. Анын ичинен мыйзамдуулукту бузуулардын саны 67 жана кызматтык тартипти бузгандардын саны 307. Кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 9 кызматкер ээлеген кызматынан четтетилип, 9 кызматкер ички иштер органынан толугу менен бошотулду. Жалал-Абад журналисттери төмөндөгү багыттар боюнча суроолоруна жооп алышты. -Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөш,ишкерлердин коопсуздугу -Экстремизм -Кинология багыты -Мал уурулуктар -Жаш өспүрүмдөр багытында -Сууга чөгүүнү алдын алуу -Эл арасында жалган маалыматтарга(соц. тармактардагы) бөгөт коюу. -Баңги заттарды жок кылуу -Кыз ала качуу сыяктуу суроолоруна жооп алышты. Аны менен бирге журналисттер менен укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташуусу боюнча сунуштар айтылды. Маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, ИИО менен ар бир чейрек сайын пресс-конференция өтүп туруусу жакшы көрүнүш экендигин жана башка мамлекеттик мекемелерге үлгү экендигин билдирди. Бул тууралуу маалыматты жеринен Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg