www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга да Грузия менен Армениядагыдай реформаларды жасоо мүмкүнчүлүгү келди. Саясатчы Равшан Жээнбеков Президент менен жолугушканда реформалар боюнча улуттук кеңеш түзүп, өлкөдө түпкүлүктүү жана системдүү реформаларды жасоо сунушун берген. Буга макул болгон Сооронбай Жээнбеков мындай курамды түзүп, аны жетектөөгө Р.Жээнбековдун өзүн чакырды.
Ар дайым кардиналдуу реформатордук идеяларды көтөрүп келген, батышчыл саясатчы мисалга Грузия менен Арменияны тартып келет. Ал өзүнүн идеяларын ишке ашырыш үчүн премьер-министрлик кызматты да бир нече курдай сурап, бирок анын ниети колдоо таппай келген. Эгерде Р.Жээнбеков Президенттин бул сунушуна макул болуп, бийлик ага ыңгайлуу шарттарды түзүп бере алса, анда Кыргызстанда да чоң өзгөрүүлөр башталышы мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg