www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Chaarat Gold Кумтөрдү сатып алгысы келет

Chaarat Gold компаниясы Кумтөрдү сатып алгысы келет. Компаниянын жаңы дайындалган жетекчиси Артем Волынц Кыргызстандагы эң ири алтын кенди Канаданын Centerra Gold Ink компаниясынан сатып алып, аны өзүнүн бизнес-структурасына бириктирүүнү көздөйт. Кумтөр үчүн ал “Центеррага” 800 млн доллар сунуштаган. Бирок, канадалыктардан азырынча оң жооп ала элек, тескерисинче алар бул сунушту “спекуляция” деп атоодо. Ага карабай Волынц өз максатынан кайтпашын айтат. Волынцтын айтымында, ага таандык Amur Capital Group компаниясынын бардык долбоорлору Chaarat Gold компаниясына бириктирилет.

Учурда “Чаараттын” ири акционерлери – Labro Investments (35,5%), China Nonferrous Metals Int’l Mining (6,05%), Sarastro Group (4%) и UBS Group (4%). Артем Волынец 203-жылга чейин орусиялык миллиардер Олег Дерипасканын “Русал глобал менеджмент” компаниясы менен “En+”корпорациясын жетектеп келген.

Кумтөр кени дүйнөдөгү 30 ири алтын кендин тизмесинде турат. Кенде Кыргызстандын үлүшү 26,28% түзөт, аны “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасы башкарат. Эгерде Волынцтын сунушу оңунан чечилип калса, анда Кумтөргө “Чаарат” менен “Кыргызалтын” тең укукта ээлик кылып калышмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости