www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алгач оозуңуздагы жагымсыз жыттын эмне улам чынып жатканын аныктап алуу керек. Медицина адистери жагымсыз жыттын чыгуусуна ар кандай себептер бар экенин айтышат. Мисалы, кызыл ээк сезгенген учурда оозуңуздан кандын жыты чыкса, ал эми ашказан ооруган кезде пияздын же сарымсактын жыты чыгат. Мунун кайсынысы болсо да сизге ыйгайсыздык жаратары анык. Ошондуктан, жагымсыз жыттан арылууга шашылыңыз. Ал үчүн сизге жөнөкөй, ары жеткиликтүү дарылануу жолдорунун бир нече ыкмаларын сунуштайбыз.
1. Ооздогу жагымсыз жыттан аз убакытта арылгыңыз келсе, анда тамагыңызга кардамон кошуңуз, же кардамонду чайнаңыз. Бул татымал ооздогу зыяндуу бактерияларды өлтүрөт.
2. Бооруңуз ооруган кезде да ооздон жагымсыз жыт чыгат. Мындай учурда 1 стакан кайнатылган сууга ½ чай кашык эрменди аралаштырып, чай катары ичиңиз.
3. 1 чай кашык тузду 50 мл зайтун майына аралаштырып, ооз көңдөйүн чайкаңыз. Муну тамактанууга 30 мүнөт калганда жасаңыз.
4. Чөп чайды көп ичип туруңуз. Бул ооздогу ар кандай жагымсыз жытты жоёт.
5. Ооздогу жагымсыз жыттан биротоло кутулгуңуз келсе, имбирдин жардамына кайрылыңыз. Тамактан кийин ½ чай кашык майдаланган имбирди оозуңузга салып, кылдат чайнап жутуңуз.
6. Бир нече даана грек жаңгагынын жалбарагын 1 стакан кайнатылган сууга салып демдеңиз. Ага 1 аш кашык бал аралаштырып, ооз көңдөйүн, кызыл ээкти чайкаңыз, ооз көңдөйүнүн саламаттыгын арттырасыз жана жагымсыз жыттан арыласыз.
7. Анистин даны да жагымсыз жыттан арылтат. Ал үчүн 200 мл кайнаган сууга 2 чай кашык данды салып, 20 мүнөт капкагын жаап коюңуз. Белгиленген убакыттан кийин тундурманы сүзүп алып, тамагыңыз менен оозуңузду чайкаңыз.
8. 1 жума бою тишиңизди кургак сүт менен тазалаңыз. Аны кадимки паста катары колдоносуз. Күндө эртең менен жана кечинде щеткага кургак сүттү сээп, тишиңизди жууңуз. Бул тишти таштан, оозду жагымсыз жыттан тазалайт.
9. Эгер оозуңуздан сарымсактын жыты чыгып турса, анда ½ чай кашык талкаланган жыттуу жаңгагын чайнаңыз. Жаңгакты мүмкүн болушунча шашылбай 5-6 мүнөт чайноо керек.
10. Сарымсактын жытын петрушка да кетире алат. Ал үчүн бир нече тал петрушканы чайнап, ширесин жутуңуз. Ал эми калганын түкүрүп салууга болот.
11. Дароо лимон тилимин жеңиз. Эгер кычкылдыгы кыйынчылык жаратса, анда шекерге малып жесеңиз болот.
12. Сарымсактын жагымсыз жытын ментол даамы бар сагыз же жалбыздуу таблетка жоёт. Аны ар бир дарыканадан таба аласыз.
Мына ушул жөнөкөй эле кеңештерди ишке ашырып, оозуңуздагы жагымсыз жыттан биротоло кутуласыз. Өзүңүз да айланаңыздагылардан кысылбай, ээн-эркин күлө аласыз!
Булак: "chabarman.kg"