www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын тергөө кызматтары мурдагы энергетика министринин уулу Диловар Гуловго каршы кылмыш ишин козгошту. Ал "Ички иштер министрлигинин өкүлүн сабаган, курал колдонуу менен ээнбаштык кылган" деп айыпталууда. Гулов кармалып, иш боюнча тергөөнү Дүйшөмбү шаарына караштуу Исмоили Сомони райондук прокуратурасы жүргүзүп жатат. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Министрликтин өкүлү, 33 жаштагы Дилшод Нарзуллозода 8-июлда Дүйшөмбүдө сабалган. Маалым болгондой, ал катуу буюм менен башка сокку жеген. Автоунаадан улам чыккан чырга Гуловдун достору да аралашкан. Аларга айып коюлган-коюлбаганы белгисиз.
Ушул жылдын март айында Диловар Гулов майда ээнбаштык кылганы үчүн күнөөлөнүп, беш сутка камалып чыккан. Анын атасы Гул Шерали 2006-2013-жылдары Энергетика жана өнөр жай министрлигин жетектеп турган. Андан мурда да бир катар жогорку кызматтарды аркалап келген.
Булак: "Азаттык"