www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 26-майында Казань шаарында кол коюлган, 2010-жылдын 19-ноябрындагы Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги КМШнин Аткаруу комитетине жогоруда кѳрсѳтүлгѳн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнө кирет.

Маалымат катары:

Протоколдун негизи максаты болуп Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин интеллектуалдык менчик рыногун түзүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү саналат. Жогоруда аталган Макулдашуунун катышуучу мамлекеттеринин өкмөттөрү интеллектуалдык менчикти башкаруу, анын ичинде интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу жана башкача пайдалануу чөйрөсүндөгү кызматташуунун зарылдыгын эске алып, жогоруда аталган Макулдашууга жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңеш жөнүндө жобого тактоочу мүнөздөгү тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдугун беришкен, алар жогоруда аталган Макулдашуунун жоболорун жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңеш жөнүндө жобону туура чечмелөөгө жана натыйжалуу пайдаланууга жөндөм түзөт.

Жогоруда аталган Макулдашуунун 8-беренесине ылайык Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал жогоруда аталган Макулдашуунун  күчүнө кириши үчүн  каралган тартипте күчүнө кирүүчү тиешелүү протокол менен тариздилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости