www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июлда брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч экенин айтып, аны менен күрөшүүгө менчик клиникаларды, лабораторияларды дагы жардамга чакырды.

"Менчик лабораториялардын жана клиникалардын жетекчилигине кайрылып, биз менен чогуу инфекцияга каршы күрөшүүгө чакырам. Сиздерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Биз сиздерден бейтаптарга кеңеш берип, моралдык жактан колдоо көрсөтүүңүздөрдү суранабыз. Мүмкүнчүлүк болсо дарылоо жагынан жардам берсеңиздер биз абдан кубанат элек. Сиздер четте карап турбайсыздар деп үмүт кылам", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости