www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй шартында колдонуп жүргөн азыктар менен курсакты киргизүү эми кыял эмес. Төмөнкү 4 азыкты сууга кошуп ичүү менен ичеги-карындын кыймылын арттырып, шишиктен кутулууга болот. Эскерте кетүүчү нерсе, азыктардын бирине аллергияңыз болушу мүмкүн. Мындай абалда, алгач дарыгерге кайрылууну сунуштайбыз.

1. Йодсуз туз кошулган суу

Өнөкөт ич катуу курсакта шишикти пайда кылат. Туура өлчөмдө йодсуз туздуу суу ичүү ич катуунун алдын алып, шишикти азайтууга жардам берет. Туздун курамындагы натрий канда эрип нерв, булчуң жана кан басым деңгээлдеринин жакшы иштөөсүн шарттайт.

Ичеги-карында туруксуздук байкалса, төмөнкү ыкманы колдонууну сунуштайбыз. Ал үчүн 2 чай кашык йодсуз деңиз тузу менен 4 стакан жылуу сууну аралаштырыңыз. Даамдуу болсун десеңиз, бираз лимон согун кошуп, ачкарын ичиңиз.

2. Сарымсак кошулган суу

Заманбап илим чөйрөсү сарымсактын ден соолукка тийгизген пайдасы чексиз экендигин тынымсыз белгилөөдө. Бир нече оору менен түздөн-түз күрөшкөн сарымсак кан басымын түшүрүп, холестериндин деңгээлин жакшыртат. Ошол эле мезгилде, токсиндердин организмден чыгуусун шарттап, шишикти азайтат. Ал үчүн 2 даана сарымсакты аарчып, майда-майда кесип алыңыз. 500 мл сууга кошуп, 10 мүнөт күтүңүз. Андан соң сүзүп алып, ичиңиз. Сарымсак кошулган суу ичкенден кийин 2 сааттай дааратканага барбай турууга аракет кылыңыз.

3. Кара калемпир (мурч) кошулган суу

Кара мурч кошулган суу эң мыкты детокс суусундугу болуп саналат. Метаболизмди тездетип, жүрөк ооруларынын алдын алат. 10 даана кара калемпир тогологун эзип, бир тутам имбирь кошуңуз. Эки азыкты бир стакан ысык суунун ичине салып, ага бал жана лимон согун кошуп, ичиңиз.

4. Розмарин кошулган суу

Розмарин, тамак сиңирүү жана иммундук система үчүн табигый дары болуп эсептелет. Окумуштуулар розмариндин мээге карата неврологиялык коргоо милдетин аткаргандыгын дагы белгилешет. Шишикке каршы дагы колдонулуучу розмарин кошулган сууну даярдоо үчүн, бир сап жаңы розмаринди 500 мл ысык суунун ичине салыңыз. Ага бир кесим лимон кошуп, аралашманы 2 саат коюңуз. Шишик жана ич катуунун алдын алуу үчүн күнүнө жок дегенде 2 жарым литр ичүү сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости