www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Асель Кадырбекова анын алсыз абалынан пайдаланып ооруканада жана кырсык болгон жерде тасмага тартып алгандарга кайрылуу жолдоду. 

"Мени ооруканада жана кырсык болгон жерде сүрөткө, видеого тартып алып, жайылтып жаткандар сиздер бирөөнүн кайгысын түшүнбөгөн адам экенсиңер. Кудай сактасын ошондой оор абалда силердин жакындарыңар да болуп калышы ыктымал. Керектүү чаралар көрүлүп жатат. Сотто көрүшөбүз!»-деп билдирүү калтырган ырчы айым.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry менен Honda Odyssey автоунаалары кагылышкан. Анын кесепетинен Toyota Camry унаасында рулда бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алган.

Ал эми Honda Odyssey унаасынын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, убактылуу бир айга камакка алынган. Кийинчерээк Асел Кадырбекованын үй-бүлөсү жол кырсыгына күнөөлүү айдоочуну кечиргени, тосмо арыз жазганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости