www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ак-Кула" ат майданы толугу менен шаардын карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун тапшырмасына ылайык, муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев Ак-Кула ат майданында калган талаштуу жерлерди шаарга кайтаруу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Борбор калаанын муниципалитети "Кадастр" ГУ КФ кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чектерин аныктоо жана курулуштарды техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүштү.

Ченөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыймылсыз мүлк объекттерине мамлекеттик актылар жана техникалык паспорттор алынат.

Эске сала кетсек, бир жолу жалпы аянты 57,4 гектарды түзгөн ипподром жаңы идентификациялык коддорду ыйгаруу менен 39 көзкарандысыз кыймылсыз мүлк бирдигине бөлүнгөн.

Мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу, Ленин районунун прокуратурасы мэриянын чечимдерин жана жеке менчик укугуна байланыштуу мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сот органдарына 33 доо арыз берген.

Узакка созулган соттук териштирүүлөрдөн кийин мэрия 54,9431 га жерди шаардын балансына кайтарып берди, калган жер тилкелери боюнча сот иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости