www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-февралда эки жума мурда Кытайдан келген 40 кыргызстандык жаран (студенттер) милдеттүү карантинден чыгып, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Алардын саламаттыгы жакшы.

“Алардын бардыгы “Ак Жол” өткөрмө пунктунан өткөндөн кийин дароо карантинге байланыштуу атайын уюштурулган медициналык мекемелерине жайгаштырылган. 14 күн ичинде студенттерге эки ирет коронавируска текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында оорунун белгилери аныкталган эмес”, - дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.

Белгилей кетсек, 13-февралда 40 кыргызстандык студент атайын автобуста Алматыдан Бишкекке алынып келген. Алар Урумчи шаарынан Алматы шаарына учак менен келип конгон болчу.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости