www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы жаңылыктар менен бирге социалдык тармактарда Дин Кунцтун 1981-жылы жазылган “Караңгылыктын көздөрү” аттуу романы да эскерилди.  Ал романда жазуучу кооптуу делген “Ухан-400” вирусу жөнүндө айтып берген. Романдын сюжетинде лаборотория шартында жасалган вирус бүткүл өлкөнү жана оору жуккандарды жок кылууга жумшалышы мүмкүндүгү сүрөттөлгөн.

“...Кытайлык Ли Чен акыркы 10 жылдагы эң кубаттуу жана коркунучтуу болгон Кытайдын биологиялык куралы менен АКШга качып кетет. “Ухан-400” деп аталган бул вирус Ухандын четиндеги генетикалык лабороторияда жасалган”,-деп романдын каарманын бири айтып берет.

Романдын сюжети экспедиция учурунда баласын жоготуп, жеке иликтөөсүнүн негизинде уулу тирүү калгандыгын, ага келип жаткан сырдуу билдирүүлөр эмнени түшүндүрүп жаткандыгын аныктоону максат кылат.

Ухан шаарындагы иликтөө борборунда жасалма жол менен чыгарылган вирусту аялдын баласы кокусунан жуктуруп алат. Баласын издөө иштери аны аскердик заводго алып келет.

“Ухань-400”-мыкты курал. Бул сифилиске окшогон дарт адамдарда гана жашайт.  

Чыгармада киши каза болуп, сөөк 30 градуска муздаганда  “Ухан-400” вирусу өзүнөн-өзү жок болуп кетээри айтылган.

Ошодой эле аталган романда аталган вирус “Эболадан да жаман” экендиги айтылып, анын кубаты бүтүндөй шаарларды, ал тургай өлкөлөрдү да кыйратканга пайдаланылаары белгиленген. Анын таасири мээнин автоматикалык функцияларына жооптуу болгон бөлүгүн өлтүрөт деп айтылган.

Гонконгдогу китеп дүкөнүнүн ээси Альберт Ван жазуучу Кунцтун фантастикалык олуялыгын айтып жатып, Ухан тарыхый шаар болуп, анда илимий изилдөөчү жайлар болгондугун, микробиология жана вирус боюнча суроолор да иликтенгендигин маалымдаган.

“Кунц сыяктуу акылдуу, кыраакы жазуучулар баарын билип, анын кичинекей бөлүгүн пайдаланып, аны ишенимдүү жана ойлонтуучу тарых кылып жазуу үчүн колдонушкан.”,-деп кабарлаган Ван.

Муну менен бирге эле кытайдагы китептерге адистешкен  британиялык жазуучу Пол Френч кытай вирусу жөнүндөгү маалымат жазылган китептер Дүйнөлүк 2-согуштун убагына туш келишин айткан. Бул фактор Кунцка да согуштун таасири тийиши мүмкүн.

“Япондор Кытайда көбүнчө 713- (тирүү адамдарда тажрыйба өткөргөн аскерлердин тобу)  бөлүккө байланыштырылган химиялык курал тууралуу иликтөө жүргүзүшкөндүгү анык. Бирок алар Ухан шаарында химиялык курал сакташкандыгын Япония моюнуна алган”,-деп белгилеген Пол Френч.

Китеп бастырып чыгарып жүргөн кызматкер Пит Спаррьер инсан тарабынан иштеп чыгарылган вирустун таралышы жөнүндөгү триллерди жазууда Ухан шаары жакшы тандоо экендигин айтты.

Ал эми Гонконгдук Чан Хо-кей мындай алдын ала айтуулар дал келип калаарын билдирип, 1898-жылда жазылган “Пайдасыздык же Титандын кулашы” аттуу романында жазылгандагыдай тарых арадан 14 жыл өтүп  “Титаникте” кайталангандыгын белгиледи. “Пайдасыздык же Титандын” кулашы романында ири лайнер Түндүк Атлантика океанында айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткендиги жазылган.

Кунцтун көптөгөн китептери экрандаштырылган, бирок “Караңгылыктын көздөрү” романы чыгарылган эмес. Коронавирустун эпидемиясы аталган чыгармага болгон кызыгууну туудуруп калышы мүмкүндүгүн чет элдик маалымат булактары айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости