www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин дайыма туулган күндү жакындар, дос-курбулар, санаалаштардын курчоосунда белгилеп келип, 40 жашка чыкканда белгилөөдөн чочулашат. Анткени эл арасында 40 жашты белгилебей жамандыкка жорушкан ишенимдер жашайт. Бул ырымдар эмне менен байланыштуу, ишенүүгө болобу деген суроолорго жооп таба албай жүргөндөр көп.
Эзотериктердин көз карашы боюнча, 40 жаш өзгөчө курак, бул мезгилде адамдын күч-к-баты үй-бүлө, жашоо, там салуу, карьера деген сындуу миң түрдүү маселени чечүүгө жумшалып, энергетикасы алсызданып калган учур. Элдик ырымдар боюнча, 40 жашты белгилегенде чакырылгандардын арасында жетишкен ийгилигине суктанып же көз арткандар болот, алсыздап турган биоталаа көз тийгенди көтөрө албайт дешет. Мындан да тереңге кайрыла турган болсок, дүйнө эли 40 санына байланышкан жагымсыз түрдүү ырымдарды мисал катары көрсөтүшөт.
*Адамдын көзү өткөндөн кийин жаны 40 күн бою жерде жашайт, бул мезгил жакындарына өзгөчө таасир этет, арбакты сыйлабагандар болсо ушул күндөрү айрыкча жагымсыз окуяларга туш болушат деп ишенишет.
*Жаңы төрөгөн келин 40 күндө тазаланып, калыбына келет, элге аралашат, мечит-чиркөөгө барганга болот, баланы көчөгө алып чыгат.
*Дүйнөлүк суу ташкыны 40 күнгө созулган.
*Байыркы гректер 40 жашында эле кубаты кайтып баштаган, алардын арасында 50 жашка чыкканы аз болгон.

*Еврей калкы 40 жыл адашып чөлдө жашагандыгы менен байланыштырышат.
*Айрым бир ишенимдерге таянсак, адам 40 жашка чыкканда терс таасирлерден коргоочу периштеси андан кетет экен.
*Чыгыш магиясы боюнча, нумерологиянын мыйзамы богонча 4 саны жамандыктын саны,
*Астрологдордун бир даары адамды 40 жашында бардык тармакта кризис болот деп божомолдошот, анткени 39-43 жашында адам оор планета Урандын таасиринде жашоо кечирет. Башкача айтканда Урандын таасиринде олуттуу өзгөрүүлөр жүз берет, көп адамдар ушул жашында жашаган жерин, же жумушун, же өзүндөгү баалуулуктарын жоготот, ооруга чалдыгат, иши кыйчалыштайт деп түшүндүрүшөт.
Ишен-ишенбе - өз эркиңиз!
40 жашта адамдын жашоосунда жаңы этап башталат деп айтылат. Демек кандай өзгөрүү болсо да күтүлбөстүк менен жагымсъгз, ыңгайсыз учурлар болбой койбойт. Эгер ырым менен жөрөлгөгө ишенсеңиз да тагдыр сыноосун айлакерлик менен жеңүүгө болсо керек...
1.40 жашты белгилөөгө мажбур болуп жатсаңыз, анда көз артып, ичи тарыбай турган өтө жакындарды гана чакырууга эмнеге болбосун.
2.40 жашты календарь боюнча төрөлгөн күнү эмес, а бир-эки күн эрте 39 жаштын кетип жатканы менен туулган күнгө күндөр калганда куттуктап кетишсе , мистикалык датанын каарынан кутулууга болсо керек.
3. Же болбосо 40 жашын дал төрөлгөн күнү эмес ошол жылы Жаңы жылда белгилеп койсо да көңүлү тынч болот экен.

Булак: Шамбала
 

Последние новости