www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 31-мартта КСДПнын эл күттүргөн курултайы. Тилекке каршы журналисттер эшик артында калды. Эшик ичиндегилер деле Курултай өтүп жатканда телефондорун өчүрүп же телефондору такыр эле алып кирбей турган болду. 

КСДПнын ишенген кожосу айрым конокторун тизмеден чыгарды. Тизмеден чыккандар Кыргызстанга белгилүү "лөктөр". Ошентип, КСДПнын ички саясый чабышы өтө курч болуп турганы калдайган калкка билинип калды.

"Жакшыдан башчы койсоң элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң элди жүдөтөөр" дегендей экс-башчыбыздын элди түзөй турган эртеңки кадамын күтө туралы. Атамбаев, акылдуу болуп баарына астыга салып, өзү айткандай эркекче сөзүндө туруп саясаттан кетет же Жээнбековдор менен жарышка чыгат. 

Кандай болгон күндө дагы эртең, Алмазбек Атамбаевдин кадыры саясатта бар же жок болот...

Ачуу чындык күч, Асылбек Жээнбеков тарапта экени талашсыз...

Мүмкүн, Алмазбек Атамбаев ТЭЦтеги модернизациялоого кеткен 386 млн АКШ долларын жеп койгон чиновниктерди кустурат...Неси болсо дагы жакшы ниет - жарым ырыс, жакшылыкка кыялданып туралычы...

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости