www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистанда 44 жаштагы жергиликтүү тургун христиан үй-бүлөсүндөгү 13 жаштагы кызды ала качып кетип, өзүнө күч менен турмушка чыгарып, ислам динин кабыл алдырган.
Белгиленгендей, ала качуу 13-октябрда болуп, эки күндөн кийин эркек адам нике күбөлүгүн көрсөткөн, анда кыз 18 жашта жана ал динин өз каалоосу менен өзгөрткөн деп жазылган. Сот процесси учурунда кыз энесине качып кетүүгө аракет кылган, бирок жаңы күйөөсү аны кармалган деп айтылууда.
Ушул окуядан улам кыздын кичи мекени Карачиде нааразычылык акциялары болуп өттү. Бирок сот никени мыйзамдуу деп тапты.
"Бул өкүнүчтүү, анткени Пакистан полициясы жана соттору өз мыйзамдарын жана эл аралык стандарттарды сактабайт, айрыкча жогорку соттордо да мажбурлап дин алмаштыруу жана мажбурлап никеге тургузуу учурларында эч ким мыйзам сактабайт", - деди Насир Саид, Юридикалык жардам борборунун директору.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, пакистандык кыздардын 21 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыгышат. Көпчүлүк ата-энелер кыздардын биринчи этек кири келгенде эле күйөөгө берилиши керек деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg