www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

47 өкмөт башчынын жетөө түрмөгө түшүп, онуна кылмыш иши козголуп, экөө СИЗОдо, экөө кызмат ордунан жок кылынып, үчөө репрессияланып, бешөө  куугунтукталып, төртөө эки ирет болгон. Он бири премьер-министрдин милдетин аткарган. Жаңы Конституция боюнча премьер-министр кызматы жакында жоюлат.  Милдетин аткаруучуларды кошуп эсептегенде 2007-жылы алты, 1998, 2020-жылдары төрттөн премьер-министр болгон:

1.Орозбеков Абдыкадыр (1925-27), репрессияланган;

2.Абдрахманов Жусуп (1927-33), репрессияланган;

3.Исакеев Баялы Дыйканбаевич (1933-37)  репрессияланган;

4.Салихов Мурат (1937-38), куугунтукталган;

5.Кулатов Төрөбай (1938-45);

6.Раззаков Исхак (1945-50), куугунтукталган;

7.Сүйөркулов Абды (1950-58);

8.Дикамбаев Казы (1958-61), куугунтукталган;

9.Мамбетов Болот (1961-68), куугунтукталган;

10.Сүйүмбаев Акматбек Сүттүбаевич (1968-78), куугунтукталып, коммуналык министрге кичирейтилген;

11.Ибраимов Султан (1978-80), кызмат ордунан жок кылынган;

12.Дүйшеев Арстанбек (1981 -86);

13.Жумагулов Апас (1986-91), кылмыш иши козголгон;

14.Исанов Насирдин (1991), кызмат ордунан жок кылынган;

15.Иордан Андрей Андреевич (1991-1992), милдетин аткаруучу;

16.Чынгышев Турсунбек (1992-93), Кумтөр боюнча кылмыш иши козголгон;

17.Алмамбет Матубраимов (1993), милдетин аткаруучу;

18.Жумагулов Апас (1993-98), Кумтөр боюнча кылмыш иши козголгон;

19.Борис Силаев (апрель,1998), эки күнгө милдетин аткаруучу;

20.Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович (апрель,1998 –декабрь, 1998), СИЗОго камалган;

21.Ибраимов Жумабек (1998-99), кызмат ордунда туруп каза болгон;

22.Муралиев Амангелди Мурсадыкович (1999-2000);

23.Бакиев Курманбек Салиевич (21.12.2000 – 22.05.2002), Атамбаевдин убагында кылмыш иши козголгон;

24.Танаев Николай Тимофеевич (22.05.2002-24.03.2005), кылмыш иши козголгон;

25.Кадырбеков Ишенбай (24.03.2005), милдетин аткаруучу;

26.Бакиев Курманбек Салиевич (2005), милдетин аткаруучу, Атамбаевдин убагында кылмыш иши козголгон;

27.Барыктабасов Урмат (17.06. 2005), түрмөгө түшкөн, 1 күнгө милдетин аткаруучу;

28.Кулов Феликс Шаршенбаевич (2005-29.01.2007), түрмөгө түшкөн;

29.Исабеков Азим Бейшенбаевич (29.01-29.03.2007);

30.Атамбаев Алмаз Шаршенович (29.03.-24.10.2007), түрмөгө түшкөн;

31.Жапаров Акылбек Үсөнбекович (24.10. 2007), кылмыш иши козголгон, 1 күнгө милдетин аткаруучу;

32.Айдаралиев Искендербек (25.10- 24.12. 2007), кылмыш иши козголгон, милдетин аткаруучу;

33.Чудинов Игор Витальевич (24.12.2007-2010), кылмыш иши козголгон;

34.Отунбаева Роза Исаковна (2010), Убактылуу Өкмөт;

35.Муралиев Амангелди Мурсадыкович (2010), Техникалык өкмөттүн милдетин аткаруучу;

36.Атамбаев Алмаз Шаршенович (2010- 2011), түрмөгө түшкөн;

37.Бабанов Ѳмүрбек Токтогулович (2011-12), кылмыш иши козголгон;

38.Сатыбалдиев Жантѳрѳ Жолдошевич (2012-2014), түрмөгө түшкөн, качып жүрөт;

39.Оторбаев Жоомарт Кайыпович (2014-2015);

40.Сариев Темир Аргенбаевич (2015-2016);

41.Жээнбеков Сооронбай Шарипович (2016-2017);

42.Исаков Сапар Жумакадырович (2017-2018), түрмөгө түшкөн, качып жүрөт;

43.Абулгазиев Мухаммедкалый (2018--2020), СИЗОго камалган;

44.Боронов Кубатбек Айылчиевич (2020-жылдары);

45.Жапаров Садыр Нургожоевич (2020-жылдары); (камалган, милдетин аткаруучу)

46.Новиков Артем (2020-2021), милдетин аткаруучу;

47.Марипов Улукбек (2021-жылы алты айга дайындалды).

Алты айдан кийин жаңы даярдалган Конституция жана жаңы мыйзамдар кабыл алынса премьер-министрлик кызматы жоюлат.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости