www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартып, алардын ишин оптималдаштыруу ишин жыйынтыктап президентке жиберди.

Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жетекчиси, өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев 1-февралда «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» берүүсүндө айтты.

«Анын негизинде Кыргызстандагы 48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды. Жаңы регламент, жоболор иштелип чыкты. Жаңы өкмөт ошол жаңы структуранын, эреженин негизинде иш алып барыш керек».

Аманбаевдин сөзүнө караганда, чакан өкмөт куралат жана мурдагыдай ар бир тармакты тейлеген вице-премьер-министрлер болбойт. Мамлекеттик агенттиктер, комитеттер менен фонддор министрликтердин алдына тармактары боюнча кошулду.

Аманбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин билдирген. Бул өлкөнүн ар бир 447-жараны аткаминер дегенди түшүндүрөт. Алардын айлык акысына 48 миллиард сом жумшалат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости