www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн жаңы курамынын тизмеси жарыяланды

Өкмөттүн жаңы курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Алдын ала маалыматка караганда, өкмөттө бир гана вице-премьер-министр калды. Мурда өкмөттүн төрт орун басары болчу. Мындан тышкары, айрым министрликтер бириктирилди.

Өкмөттүн жаңы курамында бир эле вице-премьер болорун Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева да билдирген.

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

  • Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Юстиция министри — Асел Чыныбаева;
  • Маданият министри — Кайрат Иманалиев;
  • Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;
  • Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
  • Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

1-февралда Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин бекитти.

2-февралда тармактык комитет карайт. Андан кийин өкмөттүн түзүмү менен курамы парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости