www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

5-августта Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, түштөн кийин күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 33…35 градус болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости