www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-сентябрына чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын эскертет. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирет.

"Жарандар салык органына барбастан өзү үчүн ыңгайлуу төлөө ыкмасын тандап ала алышат. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот", — айтылат маалыматта.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 1240 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости