www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучу Канат Осмоналиев №47 колонияда 6-августка чейин болот. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, №1 тергөө абагында отурган Осмоналиев №47 колонияга 2-июлда жеткирилген. Буга анын “мээнин жана баш сөөктүн астеноневротикалык синдромдуу травмасы” деген диагнозу себеп болгон. 30-июлда ал колониянын ооруканасынан дарыланып чыккан жана ошол жайда 6-августта соттолуучуларды ташуу этабы болгонго чейин кармалат.

3-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүнү онлайн жүргүзө баштап, сот залы менен Бишкектин №1 тергөө абагы ортосунда видеобайланыш уюштурулган.

Соттолуучулардын бири, ден соолугуна байланыштуу №47 колонияда отурган Осмоналиев видео байланышка чыккан эмес. Ошондуктан отурумду 5-августта улантту тууралуу чечим кабыл алынган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында, калгандары №1 тергөө изоляторунда камакта.

Ишти райондук сот жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости