www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 18 миллион 458 миң 646 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 841 миң 436 бейтап айыгып чыкса, 698 миң 232 адам каза болду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 768 миң 83 адамдан коронавирус аныкталды.156 миң 753 адам каза болсо, 1 миллион 528 миң 979 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 801 миң 921 адамдан аныкталды. 95 миң 819 адам каза болсо, 2 миллион 142 миң 467 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 855 миң 745 адам вируска кабылган. 38 миң 938 бейтап көз жумса, 1 миллион 230 миң 509 бейтап оорудан сакайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости