www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-октябрь күнү Каржы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын жар салып, 2014-жылы аэропорттун жетекчилиги жеке кызыкчылык менен 5 миллион долларды оффшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткенин билдирген.

Мыйзамсыз ишке барыш үчүн компаниянын ошол кездеги жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун да кошо айтышкан. Ага улай, 30-сентябрь күнү дароо аталган иштин алкагында 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы болуп отурган Мирлан Бегалиевди камакка алышкан. Барыбыз алаканды шакылдатып, азамат дегенбиз. Анан эле жылан чагып, жылкы теппей, эки күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан З миллионду кулкунга куйган жемкор темир тордон чыгарылыптыр. Буга көпчүлүк түшүнбөй турат. Тоок уурдагандар камалып, тоодой акчаны сугунгандар суудан кургак чыга береби?-деп "De-Факто" гезити жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости