www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 8-октябрь күнү саат 07-00 чамасында Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кеңеш айылдарындагы такталган даректерге, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 315-беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, кылмышка шектүү делген 5 жарандын жашаган турак-жайларына тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө жана ыкчам иликтөө иштери Ноокен райондук соту тарабынан турак-жайларды тинтүү үчүн берилген уруксат токтомунун негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин тергөө тобу жана экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан ишке ашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тинтүү боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын натыйжасында, аталган даректерден «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик агымына таандык болгон 8 даана китеп жана тыюу салынган диний көз караштагы жазмалары бар  блокнот, «Lenovo» үлгүсүндөгү ноутбук, андан тышкары оңдолуп жасалып жаткан 2 даана ок атуучу курал, 4 даана газотравматикалык ок атуучу куралдын бөлүктөрү, көптөгөн «Samsung» үлгүсүндөгү телефондор табылып алынды. Бардык шектүүлөрдүн «Одноклассник» социалдык тармактагы баракчаларынан экстремисттик маанидеги видеолорду таратып жаткандыгы аныкталган. Алынган буюм-далил жана экстремисттик материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости