www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодон кийин 5-октябрда болгон окуяларда жаракат алган 24 жаштагы Э.у.У. аттуу жигит комадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Министрликтен билдиришкендей, бүгүн, 2-октябрь күнү саламаттык сактоо министри 5-октябрдагы окуяларда жаракат алган жарандар дарыланып жаткан Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна барган.

Ошондой эле аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, учурда 24 жаштагы жигиттин абалы кичинеден жакшыра баштады.

“Бейтап комадан чыгып, бүгүн аны нейротравматология бөлүмүнө которуп жатабыз. Азырынча анын абалы оор бойдон калууда. Ал тиешелүү түрдө дарыланууда. Ал узак реабилитациядан өтүш керек болот. Ошондой эле бизде дагы 7 жабырлануучу дарыланууда. Алардын абалы туруктуу. Бардыгы акысыз дарыланууда. Медициналык жардам үчүн кайрылгандарды кабыл алып жатабыз. Жабырлануучулардын бири бүгүн кайра кайрылып, ооруканага жаткырылды”, - деди ал.

Эске салсак, октябрда болгон окуяларда жаракат алган 1 миң 250 киши ооруканаларга кайрылып, алардын ичинен 279у ооруканаларга жаткырылган. Бүгүнкү күнү 8 киши Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости